Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:13

Орусияда тил билбеген мигранттарды тейлөө тармагында жумушка албоо сунушталды


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Эмгек министрлиги “Орусия Федерациясынын жарандары менен өз ара карым-катышка жана байланышка барган кызматтарга” орус тилин билбеген чет элдик жарандарды жумушка алууга тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги аталган министрликтин басма сөз кызматына таянуу менен жазды.

Басылма мында кеп айдоочулар, сатуучулар, дарыгерлер жана башка кесип ээлери жөнүндө болуп жатканын кошумчалады.

Агенттик белгилегендей, орус тил экзаменинен кийин жумушка алуу талабы визалык тартип менен келген Кытайдын, Индиянын, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү болорун тактады. Орусияга келген мигранттардын көпчүлүгүн түзгөн Борбор Азия мамлекеттердин көбү менен визасыз режим иштейт. Ошол эле маалда бул өлкөлөрдүн жарандары жумушка кирүү үчүн патент баштаган бир нече документтерди, анын ичинде орус тилинен экзамен тапшыргандыгы жөнүндө сертификат да алат.

Июль айынын аягында МамДума мигранттарды тил экзаменинен бошоткон мыйзам кабыл алган. Документти спикер Вячеслав Володин сынга алып, “айдоочу, сатуучу сыяктуу кесип ээлери сөзсүз орус тилин билиши керектигин” белгилеген.

Аз күн мурун Санкт-Петербург облустук бийлиги мигранттарга такси жана жеткирүү кызматтарында иштөөгө тыюу салган токтом кабыл алган. Чечим күчүнө кире электе эле бул тажрыйбаны бүткүл Орусияга киргизүү сунуштагандар чыккан.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган.

Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келатат. Анын ичинде иш орундарында, кафе-ресторандарда, эс алуучу жайларда, мечиттерде жана башка жайларда мигранттарды текшерүүлөр күчөгөн. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG