Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:47

Трамп: Путин менен сүйлөшүү ок атышууну токтотууга алып келген жок


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп орус президенти Владимир Путин менен бир нече жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия менен Украинанын ортосунда ок атышпоо келишими жөнүндө көп ойлонгонун, бирок Москва ар бир ирет Украинанын шаарларын бомбалоону кайрадан улантып келгенин кайталады.

“Мен Путин менен көп ирет сүйлөштүм. Менимче, биздин ортобузда аябай жакшы сүйлөшүү болду. Бирок мен үйгө кайтарым менен, Киев жана башка шаарларга бомба ташталып, адамдар өлгөнүн көрүп жаттым. […] Сыягы, ал өтө катуу неме окшойт, бул жаатта эч өзгөрүү болбой койду. Бирок мен таң калып жатам. Бизде аябай жакшы баарлашуулар болду, ошондо буга чекит коюп койсок болмок. Бирок кайра эле бомбалар учуп жатат”, – деди Трамп Newsmax телеканалына курган маегинде.

Америкалык лидер АКШ Орусия ок атышпоо келишимине келбесе, аны жаңы санкциялар күтүп жатканын бышыктады.

Дональд Трамп 1-августта өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндо "тийиштүү аймактарга" суу астында сүзүүчү атомдук кайыктардан экөөнү жайгаштыруу буйругун бергенин билдирген. Newsmax телеканалына муну комментарийлеп жатып Трамп кайыктар "Орусияга жакын турганын" айтты.

28-июлда АКШ президенти Дональд Трамп Путинден "аябай көңүлү калганын" айтып, Киев менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жөндөп баштоого эки апта мурда берген 50 күндүк мөөнөтүн кыскартып, 10-12 күн деген шарт коюп жатканын жарыялаган. Кремль Трамптын бул айтканы "эске алынарын" гана билдирип, башка комментарий берген эмес.

Орусиянын президенти Владимир Путин 1-августтагы билдирүүсүндө Украина менен өткөрүлүп келаткан сүйлөшүүлөрдү "жалпысынан оң баалай турганын" билдирген. Бирок ал АКШ президенти Дональд Трамптын койгон шарты тууралуу эч нерсе айткан эмес. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG