Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:27

Киев менен Москва 1200 туткунду айырбаштоону макулдашты


Орусиядан туткундан буга чейин бошотулган аскерлер.
Орусиядан туткундан буга чейин бошотулган аскерлер.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев менен Москва 1200 туткунду айырбаштоону макулдашканын билдирди. “Азаттыктын” украин кызматы жазгандай, украин лидери бул Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарынын бири болгонун айтты.

“Негизги маселелердин бири – согуш туткундарын алмашуу. Азырынча 1200 адамды алмаштыруу боюнча келишим бар. Тизмени тактоо иштери уланууда”, – деп жазды ал өзүнүн Телеграм каналына.

Владимир Зеленский кабарлагандай, Орусия Украинага кол салган 2022-жылдан бери 5857 украин жаранын алмашуу жолу менен, 555 адамды андан сырткары кайтарып берген. Киев менен Москванын Стамбул келишимдеринин алкагында миңден ашык украин аскери бошотулган.

Орусия менен Украина 23-июлда Стамбулда сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундун өткөрдү. Анда аскердик туткундардан сырткары эки тарапта кармалып турган жайкын тургундарды да алмашуу жөнүндө сөз болду. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG