Элчиликтин социалдык түйүндөрдөгү баракчасына 1-августта:
"Сиздин АКШнын аймагында жүрүүгө уруксат берилген мөөнөтүңүз визанын мөөнөтүндө эмес, I-94 формасында көрсөтүлгөн Admit Until Date датасы менен аныкталат. Бул датадан ашуу (overstay) эреже бузуу болуп эсептелет жана визанын жокко чыгарылышына, депортацияга жана келечекте виза алуунун бөгөттөлүшүнө алып келиши ыктымал", - деген маалымат жарыяланды.
Мөөнөт тууралуу АКШнын Бажы жана чек ара көзөмөл кызматынын расмий сайтынан билсе болору белгиленди.
АКШнын Мамлекеттик департаменти бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын быйыл май айында билдирген.
Анда мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген.
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 11-июлда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугуп, визанын мөөнөтү боюнча маселени талкуулаган.
Вашингтондун бул чечимине ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, эми үч айга деп белгиленди. Бул виза менен АКШнын аймагына бир гана жолу кирүүгө уруксат.
Чет өлкөгө окууга тапшырууга жана виза алууга көмөк көрсөткөн Бишкектеги виза агенттиктеринин бири акыркы өзгөрүүлөргө ылайык, визага тапшыргандардын саны кескин азайганын билдирип, жаңы тартиптин чоо-жайын түшүндүрүп берди:
"Виза 3 айга берилгенде, ошол 3 айдын ичинде Америкага кирсеңиз болот. Мисалы, июнь, июль, августта каалаган күнү кирсеңиз болот. Киргенден кийин 6 айга чейин жүрүүгө мүмкүн. Мисалы, визанын акыркы 5 күнү калган болсо дагы сиз Американын аймагына кире аласыз. Киргенден кийин 6 айга чейин жүрүп, кайра чыгып кетишиңиз керек. Мындан ары чыгашасы кичине көп болот. Маселен, 5 жылдын ичинде 3 жолу барам десеңиз, 3 жолу 185 доллардан консулдук төлөмдү төлөм, визага тапшырган сайын кезекке туруу керек", - дейт Бишкектеги виза агенттигинин жетекчиси Нурсултан Тилек уулу.
Адистер Америкага визага документтерди толтуруп жатканда сапарын канча күн деп көрсөтсө, ошол мөөнөттөн кечикпей кайра чыгып кетүүнү сунушташты. Алты айга чейин созуп жүрө берүү визага кайра тапшырууда тобокелдиктерди жаратарын эскертишет.
Америкада иммиграциялык маселелер боюнча укуктук жардам көрсөткөн Алтынай Калдыбекова АКШда виза режимин бузуп, мыйзамсыз миграцияда жүргөндөр бар экенин буга чейин "Азаттыкка" айтып берген:
«Туристтик, студенттик визаларды алып, Америкага келип, калып калгандар көп болду. Спортчу болбосо дагы В-1/В-2ге кирген спорттук визаларды алып кирген кишилер дагы болду. Менимче, ошолордун да таасири тийди. Жасалма чакыруу документтер дагы көп кездешкен экен. Кыргызстандын паспорттору менен жарандар бир гана Кыргызстандан эмес, башка өлкөлөрдөн дагы киришкен. Түркия, Европа жана башка өлкөлөрдөн. Ошондой жол менен Америкага кирип, кайра чыкпаган адамдардын пайыздык көрсөткүчү чоң болду».
Туризм тармагы боюнча эксперт Давран Осмонкулов сонку чечимдерге дүйнөдөгү акыркы саясий кырдаал дагы таасир этип жатканына токтолду:
«Айрым коңшу мамлекеттер Американын санкцияларына туш болуп жатышат. Биздин да Орусия менен экономикалык жана саясий жактан алакабыз бар. Мындан улам мунун да таасири болуп жаткандыр. Болбосо Кыргызстандын Америка менен пикир келишпестиги жок, дипломатиялык жактан алакасы жакшы. Азыр биздикилер бул жаатта өтө прагматикалык саясатты жүргүзүшү керек. Кескин билдирүүлөрдү жасабай, күтө турганы жакшы".
B-1/B-2 визалары – АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек.
Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат. Министрлик АКШда соңку жылдары кыргызстандык жарандар виза режимин, анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визалар менен кирген соң талаптарды аткарбай койгондор көбөйгөнүн белгилеп, мекендештерди мыйзамды так сактоого чакырган.
Июнда Кыргызстан жарандары АКШга киришине чектөө коюлуучу өлкөлөрдүн тизмесине илингени тууралуу кабар чыккан. Бул тууралуу Washington Post гезити АКШ мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып билдирген.
Басылманын маалыматында, президент Дональд Трамптын администрациясы жарандары АКШга кирүүсүнө тыюу салынуучу же чектелүүчү өлкөлөрдүн тизмесин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароодо.
Ага 36 өлкө: анын ичинде Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген.
Тизмеге кирген өлкөлөр менен иштеген дипломаттарга мамлекеттик катчы Марко Рубионун колу коюлган кызматтык кат тапшырылган. Анда бул өлкөлөрдө Вашингтондун жаңы талаптарын аткарууга 60 күн убакыт берилери жазылган. Мамлекеттик департамент шилтеме кылып жаткан бузуулардын ичинде мөөнөтү өтүп кеткен визалардын көптүгү, документ берүүчү органдын жоктугу жана башка маселелер көрсөтүлгөн.
АКШ буга чейин өлкөгө жарандары киришине тыюу салынган жана чектелген 12 өлкөнүн тизмесин жарыялаган. Ал тизмеге Түркмөнстан Кошмо Штаттарга кирүүгө жарым-жартылай чектөө киргизилген өлкөлөрдүн катарында кирген.
Трамп президенттик экинчи мөөнөткө киришкенде миграциялык саясатты катаалдаштырарын убада кылып, бир нече жарлыкка дароо кол койгон.