Сойкукана ачкан кытай жарандары кармалды
Бишкекте жалаң чет элдик жарандарды тейлөөчү сойкукана ачып, иштетип жүргөн кытай жарандары кармалды. Лермонтов көчөсүндөгү "Таатан" базарынын жанында жайгашкан караоке клубда сойкулук кылган деген шек менен 26 кыз кармалды. Ал эми негизги айып Кыргызстанда убактылуу жашап жаткан үч кытай жаранына тагылды. Алар азыр Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында камалып турат. Козголгон кылмыш иш боюнча тергөө башталды.
Чыгарылыштар
-
Июль 31, 2025
"Келечек" базары: Мэр соодагерлер менен жолугушту
-
Июль 29, 2025
Ботаникалык бакта дарактар эмнеге куурап жатат?
-
Июль 09, 2025
Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"
-
Июнь 10, 2025
“Армияга соо кеткен балам оорукчан болуп калды”