Украина: Жараат алган төрт айлык ымыркайдын абалы оор

Украина.

Украинанын аймактарында 4-августка караган түнкү жана таңкы чабуулдан кеминде бир кишинин өмүрү кыйылды, жараат алгандар арасында ымыркай кыз бар. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Херсон облусунда таңга жуук 46 жаштагы эркек артиллериялык соккудан набыт кетти. Днепропетров облусунда бир нече айыл-кыштак учкучсуз учактар менен аткыланды, жараат алган үч кишинин бири төрт айлык ымыркай кыз экенин, абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышканын администрация башчысы Сергей Лысак билдирди. Согуштук дрон чабуулуна Одесса облусу да кабылганы маалым болду, бир нече жерде имараттар зыянга учурап, өрт тутанды.

Жалпысынан, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия 162 дрон учурду, анын дээрлик баары токтотулду.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери анын аймактарын учкучсуз учактардан, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан жана ракета, башкарылуучу авиациялык бомба менен аткылоону токтотпой келе жатат. Москва Украинанын шаар-кыштактарынын жарандык инфраструктурасын атайылап талкалап, элин өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду мойнуна албай келет.

Украин бийлиги, өнөктөштөрү жана эл аралык уюмдар Орусиянын соккуларын согуш кылмышы, атайын жасалган каршы аракет деп баалап жатышат. (RK)

Дагы караңыз

Франция Палестина мамлекетин тааныйт. Израил муну "террорчулукка шыкак" деп атадыЖан Воинов камактан тосмо арыздын негизинде чыкканы маалым болдуЙеменде мигранттар бараткан кайык оодарылып, 68 киши каза таптыКыргызстандын Санарип кодекси кабыл алынды