Соңку жылдары Кара-Кече, Сүлүктү жана башка көмүр кендеринде да карьерлер талаш болуп, арты чуу менен коштолгон. Бул жана башка жагдайлар Кыргызстандын көмүр кен тармагындагы көп суроолорду кайрадан күн тартибине чыгарды.
Басып алуубу же кен талашпы?
Атайын кызмат өз маалыматында коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иштердин ичинде Нарын облусунун аймагындагы көмүр кендеринин бирин иштетүүгө лицензиясы бар компания текшерилгенин билдирди.
Анда айтылгандай, кендердин биринин ээси УКМКга арыз жазып, анын компаниясындагы акцияларды мурдагы депутат баштаган ишкерлер тартып алганына даттанган. Бирок мекеме арыз кимден түшкөнүн тактаган жок.
"Аталган факт боюнча арызды текшерүүнүн жүрүшүндө арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, тиешелүү кылмыш ишин козгоого негиз болду. Анда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары А.Ж. уулу менен М.М. коркутуу, дагы башка мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп, акча төлөбөстөн аталган көмүр кенин иштетип жаткан компаниянын акцияларынын көзөмөл пакетин берүүгө мажбурлашкан. Кылмышка шектүүлөр 31-июлда камалды жана аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылат, сотто тергөө бүткүчө абакта калтыруу бөгөт чарасы тандалды", - деп жазылган маалыматта.
УКМКнын расмий маалыматы чыгары менен айрым жергиликтүү басылмалар камалгандар экс-депутаттар Алтынбек Жунус уулу менен Муратбек Малабаев экенин жазып чыгышты. Малабаев 2005-2007-жылдары, Жунус уулу 2015-2020-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болушкан.
Алтынбек Жунус уулу менен Муратбек Малабаев.
Мурдагы депутаттар өздөрү жана жактоочулары азырынча билдирүү тарата элек. Алтынбек Жунус уулуна укуктук кеңеш берген көз карандысыз юрист Ажыбек Ыбышев гана “Азаттыкка” комментарий берүүгө макул болду.
Изилдөө маалында белгилүү болгондой, атайын кызмат козгогон иш Миң-Куштагы “Борбор Азия көмүр” компаниясына караштуу көмүр кени жөнүндө болууда. Ал кенди Абдурахман Бабасиев аттуу Орусиянын жараны көп жыл мурда сатып алып, бирок чалгындоодон ары жылган эмес. Ал 2024-жылы кенге ээлик кылган компаниянын акцияларынын бир бөлүгүн Алтынбек Жунус уулуна саткан. Иш ордунан жылып, өнөктөштөр быйыл көмүргө жеткен кезде ортосунда талаш чыккан.
Абдурахман Бабасиев Алтынбек Жунус уулун сотко берип, андан экс-депутат утуп чыккан. Бабасиев мындан соң атайын кызматка арыз жазган экен.
Көз карандысыз юрист Ажыбек Ыбышевдин талаш эмнеден чыкканын түшүндүрдү:
“Бабасиев кенди алганына көп болуптур. Бирок жергиликтүү эл менен келише албагандан улам, аны иштете албай жүрөт. Ошентип, Алтынбек Жунус уулуна өзү сунуштаган. Алтынбек анын 93% акциясынын 28% сатып алып, кенге инвестиция салган, техникасын киргизген. Былтыр күздө көмүрдү казып башташкан. Так ошол убакта интригалар башталды. Бабасиев башында “мен сага көбүрөөк акция берип коюптурмун” деп жүрдү. Жаңы жылдан кийин ал Алтынбекти директорлуктан алып, акциясын “кайра кайтарып бер” деп талап кылып, Ички иштер министрлигине, УКМКга арыз жазды. Сотко да арыз берген экен, Биринчи май райондук соту 17-июлда Бабасиевдин арызын толук четке каккан. Укканым боюнча ал, “кенди менден мыйзамсыз сатып алып, мага 2,5 млн долларлык зыян келтирди деп даттанууда. Болбосо ал жабык акционердик коомунун бир акциясынын номиналдык баасы болгону 1000 сом турат. Ошондуктан анын каалаган баасын коюп, доомат артып жатканы жөн гана коркутуу. Соттон утулган, азыр эмнеге атайын кызматка арыз берип, ал карап жатат, мен түшүнбөйм. Тергөө иштеринен, сот иштеринен Алтынбек Жунус уулу акталып чыгат деп ишенем”.
Абдурахман Бабасиевдин өзүнөн жана анын адвокаттарынан комментарий алуу мүмкүн боло элек.
Ачык булактардагы маалыматтарда аталган көмүр кенге буга чейин инвестор болгон адамдар Бабасиевге каршы даттанганы белгиленет.
Айталы, 2018-жылы аты-жөнүн ачык айткан беш ишкер президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Абдурахман Бабасиевден 37 млн сомун жана 10 миң долларын ала албай жатканын билдирип чыгышкан. Алар сотко да кайрылып, талаш-тартыш уланып жатканы маалым болду.
Абдурахман Бабасиев өзү да 2019-жылы президент Жээнбековго кайрылып, анын бизнесин рейдерлик менен тартып алуу аракети жүрүп жатканына даттанган.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, “Борбор Азия көмүр” компаниясынын ээси катары Абдурахман Бабасиевдин аялы – Алла Бешкинская көрсөтүлгөн. Директор катары Алтынбек Жунус уулу көрсөтүлүп турат.
“Кара алтындын” баяны жана “көмүр мафиялары”
Нарындын Жумгал районундагы Кара-Кече жана Миң-Куш аймактарында ондогон көмүр кени бар, алардын азыраагы мамлекетке караштуу болсо, көпчүлүгүн менчик ишканалар иштетет. Анын ичинде Миң-Куш айылынын жашоочулары 2017-2018-жылдары көмүр казган ишканаларга каршы нааразылыктарды өткөрүп келишкен. Кийинки жылдары ал нааразылык басаңдап калган.
Миң-Куш айылынын атын атабаган тургундарынын бири “Азаттыкка” буларды айтып берди:
“Миң-Куш кени маалында иштетилип, кийин эгемендик алганда каралбай калган жер да. Аны көпчүлүк билет. Анан лицензиялар 300 сом кезинде мындагы көмүр кендерине өтө көп лицензиялар таратылып кеткен. Билгени, билбегени деле көмүрдү казгылап башташкан. Алып саткандар болду, иштетип сугунгандары болду. Убакыт сааты келгендер жоголуп, жоголбогондору дале иштетип келатышат. Ал жакта көмүр кени көп. Ал жердеги дээрлик ар бир көмүр кендин айланасында чыр көп. Талашып жүргөндөрүн көп көрдүк. Менин билишимче, Ак-Улак деген бир гана мамлекеттик карьер бар, калганы жеке колдо. Жолдорду, жаратылышты да талкалап салган, ал боюнча көп айтканбыз. Жергиликтүү эл кенде иштейт. Казуучу, ташуучу, сакчы, айтор, ошондой. Ошондуктан көбү сындап сүйлөй албайт. Силер айтып жаткан депутаттардын аты аталып жаткан көмүр кендери да кезинде талаш-тартыштар менен коштолгон кен болчу. Бирок азыркы шартта ашыкча бирдеме айтсаң эле балээге калып атпайсыңбы, ошону үчүн мындан ашык эч нерсе айта албайм”.
Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары Кара-Кечедеги көмүр кендерине байланыштуу талаш-тартыштар жүрүп, кийин анын бир бөлүгүн мамлекет колго алган. Бирок кийинки жылдары деле аталган кендеги жагдайга байланыштуу көп ызы-чуу чыккан.
УКМК 2023-жылы Сүлүктү көмүр кениндеги айрым ишканалардын сатуу жана экспорттоодогу коррупциялык схемасы аныктап, чоң резонанс жаралган. “Азаттыктын” аталган кенди изилдеген иликтөөсүндө анын артында чоң жана чиеленишкен “көмүр мафиясы” бар экени аныкталган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кара-Кече: көмүргө байланган турмуш
Кыргызстандагы эң кирешелүү көмүр кендери эмне үчүн такай чыр менен коштолуп келатат? Кендердин көбү эмне үчүн жеке колго өтүп кеткен?
Отун-энергетика тармагындагы эксперт Расул Умбеталиев бул суроого мындайча жооп берди:
“Союз учурунда пландуу экономика болгондуктан, бардык көмүрдү мамлекет өзү казчу. Ошондуктан дотация кылып турчу. Мисалы, 1980-жылдары көмүрдүн тоннасын казып алууга 29-30 рубль жумшап, кайра 12 рублден сатчу. Ошентип, Кыргызстан эгемендик алган соң бардык көмүр кендери менчикке айланып кетти. Анткени, башында аны мамлекет иштете албайт деген саясат жүрдү. Менчиктештерүү өтө чоң коррупция менен жүрүп, кендерди саналуу кишилер бүт арзан сатып алып, кайра кымбат сатып, туйтунушту. Нарында Миң-Куш, Кара-Кече көмүр кендери, Жалал-Абадда Таш-Көмүр кени, Ала-Бука жана Аксы райондорундагы кендер, Ошто Өзгөн, Алай, Чоң-Алай жана башка райондордогу көмүр кендери, Баткенде Сүлүктү, Беш-Алма, Кызыл-Кыя көмүр кендери арзан эле жеке колдорго өтүп кеткен. Көп жыл мамлекет тараптан керектүү көзөмөл болбой калды. Бүгүнкү күнгө чейин эле ошондой болуп келди. Биринчиден, көпчүлүк кендер жаратылышты талкалап, рекультивациялоо иштерин жыргатып жүргүзбөдү. Экинчиден, 100 миң тонна казат да, 20-30 миң тонна гана каздык деп отчёт берип, ошонун гана салыгын төлөп келишти. Өкмөт, Энергетика министрлиги, Экотехинспекция жана башка органдар аларды жыргатып текшербейт, текшерсе да алардын оозун жаап коёт. Натыйжада бул тармак эң чоң киреше алып келген тармак болуп калды. Ошондуктан көмүр өнөр жайы эң коррупциялуу болуп, кендерге ээлик кылгандар кескин түрдө байып, “мафия” болуп калды”.
Талдоочу Расул Умбеталиев өзү СССРдин акыркы жылдары жана Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары Таш-Көмүр кениндеги көмүр тилкелеринде, ишканаларында жетекчи кызматтарды аркалаган. 1999-2000-жылдары “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасын да жетектеген. Ошондон улам ал бул тармактагы көрүнүштөрдү аки-чүкүсүнө чейин билет.
Расул Умбеталиев
“Баткен облусундагы Беш-Алма деген ири кен ишканасында миллион тонналаган көмүр өндүрүлүп, чоң мафия болуп, кийин ызы-чуу чыкканын билебиз. Алай менен Чоң-Алайда да ошондой окуялар болду. Мен билгенден аларда 500-600 миң тонна көмүр казып, ошонун жарымын эле өндүрдүк деп көрсөтүп келишкен. Натыйжада салык төлөнбөйт. Эсеби жок көмүрдү Кытайга, Тажикстанга, Өзбекстанга жана башка жактарга сатат. Сүлүктү кениндеги уурдоолор тууралуу иликтөө жүрүп, чуу чыкканынан кабарыңар бар. Айтор, ар бир кенди эле кучактагандар байып, алды Жогорку Кеңешке, арты жергиликтүү кеңештерге депутат болушту. Чекеден байышты. Эми болсо Миң-Куштагы кен боюнча иликтөө башталыптыр. Менимче мына ушундай окуялардын бири УКМКнын көз кырына илешип калган окшойт. Бирок эгер бул тармакты чындап иреттеп, саясатты жолго коёбуз десе, анда адистер менен чогуу масштабдуу түрдө иликтөө жүргүзүп, анан жыйынтыктарды чыгарыш керек. Мамлекет бул жааттагы саясатын толук колго алып, өз акысын алышы кажет. Анткени, көмүр бул жаратылыш байлыгы, элдин байлыгы. Андан түшкөн киреше, андан түшкөн акча элдин да шыбагасы болушу абзел”.
Кыргызстандын аймагында болжол менен 6,4 млрд. тоннадан ашуун кору бар 70 көмүр кени жайгашкан. Анын ичинде Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шураб, Алмалык жана Кавак кендеринде 5,2 млрд тонна, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр жана Тегене кендеринде 1,08 млрд тонна, Туюк-Каргаша кенинде 119,6 млн тонна, Кара-Кечеде 400 млн тоннадай көмүр бар. Учурда көмүрдүн өнөр жай корун өздөштүрүү 0,13 % түзөт.
Өкмөт берген маалыматка ылайык, 2010-2020-жылдар аралыгында көмүр казуунун көлөмү 570 миңден 2 млн. 460 миң тоннага чейин арбыды. 2019-жылдын май айына чейин көмүр кендерине 187 лицензия берилген. Анын 114ү иштетүүгө, 71и долбоорлоо баскычында. 2019-жылы лицензиялык келишимдин негизинде ишканалар 3 млн. 746 миң тонна көмүр өндүрмөк, бирок жыйынтыгында 1 млн. тоннадай аз казылган.