Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:41

Бишкектин башкы аянтында "Айкөл Манас" жаңы айкели ачылды


Жаңыдан жасалган "Айкөл Манас" айкели.
Жаңыдан жасалган "Айкөл Манас" айкели.

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында жаңыдан жасалган "Айкөл Манас" айкели жана анын постаменти реконструкциялангандан кийин ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, калаа мэри Айбек Жунушалиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, скульптор, “Айкөл Манас” эстелигинин автору Тамила Маматова жана башкалар катышты.

Эстеликтин жаңыланган постаменти кар баскан кыргыз таштарын элестетет. Маалыматта ал ак мрамор менен капталганы, бул айланадагы архитектуралык чөйрө менен шайкештикти түзүп, шаардык чөйрөгө жаңы эстетикалык тереңдик тартуулай турганы жазылган.

Манастын айкели жаратылыштын символдору – ак илбирс жана рельефте тартылган бүркүт менен коштолгон. Бул элементтер Кыргызстандын жаратылышынын байлыгын жана анын улуттук символикасын белгилейт.

Айкелдин жалпы бийиктиги постамент менен бирге 33 метрди түзөт, бул эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына арналган. Скульптура коло эритмесинен, ал эми постамент бетондон, металл конструкциялардан жана мрамордон жасалган.

Ала-Тоо аянтындагы “Эркиндик” монументи 2011-жылы алынып, анын ордуна эгемендиктин 20 жылдыгынын урматына Манастын эстелиги (автору Базарбек Сыдыков) коюлган эле. Быйыл жыл башында эстелик алынып, реконструкция иштери башталган. Июлдун башында толук жаңы эстелик коюлуп жатканы маалым болгон жана ал талаш-талкуулар менен коштолуп келген. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG