Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

"Крокустагы" теракт боюнча сот жараяны жабык өтмөй болду


Алгачкы сот отуруму. 2025-жылдын 4-августу.
Алгачкы сот отуруму. 2025-жылдын 4-августу.

Орусияда "Крокус Сити Холлдогу" кол салууга айыпталып жаткандардын 4-августта өткөн алгачкы соттук отуруму жабык өттү. Буга, ТАСС маалымдагандай, прокурордун "мамлекеттик сырдын жана ачыкка чыкпай турган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн купуялыгын, жалпы процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо" талабы негиз болду.

Жабыркаган тараптын өкүлдөрү отурумдун бир бөлүгүн ачык калтырууну суранышты, бирок сот прокурордун келтирген өтүнүчүн колдоду.

Айыпталуучулардын баарынын бөгөт чарасы дагы жарым жылга, 7-январга чейин узартылды. Соттук териштирүү аптасына үч жолу өтүп турмай болду.

Ишти Москва шаардык сотунда Экинчи Батыш округдук аскердик сотунун үч судьясынан турган коллегия карап жатат.

Айыпталуучулар 19 киши, алардын төртөө түздөн-түз терроризмге, калгандары ошолорго көмөктөшүүгө шектелүүдө.

Жабыркаган тарап 2 миңдей киши, алгачкы отурумга 150дөйү катышты.

2024-жылдын 22-мартында Москва облусундагы Красногорск шаарында жайгашкан "Крокус Сити Холл" борборуна концертке барган адамдарга куралдуу кол салуу болуп, ал жерде өрт чыккан. Соңку маалымат боюнча, каза болгондор 149 киши, жараат алгандар 600 киши.

Кол салууну уюштургандар аныктала элек. Жоопкерчиликти өзүнө аларын "Ислам мамлекети Вилаят Хорасан" деген топ айтып чыкканы маалымдалган. Тергөө өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ менен Украинаны байланыштырып айыптоого аракет кылып жатканы белгилүү болгон.

Кылмышка шектүүлөрдүн көбү теги тажикстандыктар. Мындан улам Орусияда борборазиялык, айрыкча Тажикстандан барган мигранттарга кысым күчөгөн. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG