Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Кыргызстан аймагында күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды


Кыргызстандын Сейсмология институтунун баштапкы маалыматына караганда, 5-августта саат 19:44тө өлкө аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жердин титиреши Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 балл болуп сезилди.

Силкинүү Бишкек шаарында да байкалды, күчү канча болгону маалымдалган жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG